Жаңылыктар
"Барс" клубунун Караколдогу стадиону 23-майда ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
"Барс" клубунун Караколдогу стадиону 23-майда ачылат

Каракол шаарында 3560 орунга ылайыкталган стадиондун курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Мурда бул жер ден соолукту чындоо жана спорт ордосу 5.5 гектар аянтты ээлесе, азыр ал кеңейтилип 7 гектарга жетти. Стадион эл аралык стандарттарга шайкеч келип, баардык заманбап шарттары менен болгону турат.

Курулушка 70-80 жумушчу тартылып, учурда сырткы жасалгалоо иштери, ирригация жана унаа токтоочу жайларын иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Стадион премьер-лигада ойногон "Барс" клубунун үй аренасы болот.

Белгилей кетсек, мамлекет спорт тармагына көрсөткөн колдоосунун алкагында Каракол өнүгүү чекити долбоору аркылуу ишке ашырылып жатат. Стадионго жалпы 680 млн. каражат жумшалды. Аталган жай 1972-жылы авариялык абалда деп табылган.