Жаңылыктар
Баткенде аткезчилерди коштоп жүрүүгө шектелген аскер кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде аткезчилерди коштоп жүрүүгө шектелген аскер кызматкери кармалды

УКМК Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 28-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалган.

 Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн КР Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.