Жаңылыктар
Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Беларусь президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.

«Биз ушул даңазалуу күнү жоокерлердин теңдешсиз баатырдыгы жана тыл эмгекчилеринин эбегейсиз аракети менен келечек муундардын жашоо жана эркиндик укугун коргогон көп улуттуу совет элинин улуу эрдигин даңазалайбыз. Биздин жалпы тарыхыбыздын жана Улуу Жеңиштин элеси, достук жана өз ара колдоо мындан ары да өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ишенимдүү пайдубал катары кызмат кыла берет деп ишенем», - деп айтылат Александр Лукашенконун куттуктоо телеграммасында.