Жаңылыктар
Чүйдө мурдагы айыл өкмөт башчысы жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө мурдагы айыл өкмөт башчысы жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көптөгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК мыйзамсыз алынган жер тилкелерин аныктоо жана жеке менчикке кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында жалпы аянты 23 гектардан ашуун жер тилкелерин мамлекеттик баланска кайтарып берди. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай Ч.Б.А. 1992-2012-жылдар аралыгында Лебединовка айыл аймагынын башчысы кызматын ээлеп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан көп сандаган жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталган.

 Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

 Учурда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.