Жаңылыктар
“Санарип окутуу” платформасы иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
“Санарип окутуу” платформасы иштелип чыкты

Эми Кыргызстанда каалоочулар мамлекеттик тилди оңой үйрөнө алат. Бул багытта  "Санарип окутуу" аталышындагы электрондук платформа иштелип чыкканын Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мекемесинин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Батма Топоева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Платформанын негизги максаты  - кыргыз тилин заманбап технологиялардын жардамы менен санариптик окутууга багытталган. Мында тилди өз алдынча үйрөнүүгө  мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Алган билимди текшерүү үчүн интерактивдүү куралдарды колдонууга болот. https://sanariptik-okutuu.kg каалоочулар ушул тиркеме аркылуу кирип көрсө болот.