Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун (УАС) ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду.
 
Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды.
 
Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар.
 
Тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 3 млн. 232 миң сом бөлүү тапшырылат:
 
 − Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
 − Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
 − Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
 − 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдар жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы кан майдандан кайткан эмес. Быйыл 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл толот.