Жаңылыктар
Баасы 5200 сом. Улуттук банк “Улуу Жеңишке — 80 жыл” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Баасы 5200 сом. Улуттук банк “Улуу Жеңишке — 80 жыл” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына 2025-жылдын 28-апрелинен тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке - 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Монетанын бетине согушта курман болгондорду эскерген гүлдесте түшүрүлгөн. 

Жээгинде тегерете “Улуу Жеңишке — 80 жыл деген жазуу бар. Ал эми арткы бетинде Кыргызстандын герби, тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон көгүчкөндөрдүн элеси, “2025” жана “1945”сандары менен жазылган.

Монетанын номиналы — 10 сом, салмагы — 28 грамм, сапат белгиси — 925. Аны башкы банктын кассаларынан 5200 сомго сатып алса болот.