Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
"Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Ражаи портунда ишемби күнү катуу жарылуу жарылуу болгон. Ирандын маалымат каражаттары андан каза болгондордун саны 25 кишиге жетип, 1139 адам жараат алганын жазууда. Порт жайгашкан Хормозган провинциясында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.