Жаңылыктар
Central Asia Startup CUP форумуна ири эл аралык инвесторлор катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Central Asia Startup CUP форумуна ири эл аралык инвесторлор катышат

Central Asia Startup CUP (CASC) форуму дүйнөлүк деңгээлдеги венчурдук фонддор менен ангел инвесторлордун клубдарын чогултат. Алардын башкарып жаткан жалпы капиталы 300 миллион АКШ долларына жетет. Бул эки күндүк иш-чара Борбор Азиядагы стартаптар үчүн глобалдык инвесторлор менен түз байланыш түзүүгө, идеяларын таанытууга жана келечектүү өнөктөштүктөрдү курууга чоң мүмкүнчүлүк болот.

Форум дүйнөнүн ар тарабынан келген стартаптардын, эксперттердин жана инвесторлордун башын бириктирет. Катышуучулар питч-сессияларга, панелдик талкууларга, мастер-класстарга жана нетворкинг иш-чараларына катыша алышат.

15тен ашуун дүйнөгө белгилүү инвестордук фонддор жана ангел клубдары бул иш-чарага катышарын ырасташты, алардын катарында:

* Sturgeon Capital

* Pegasus Tech Ventures

* Domino Ventures

* White Hill Capital

* Big Sky Capital VC

* BGlobal Ventures

* Most Ventures

* MA7 Ventures

* AV Frontiers

* AloqaVentures

* IT Park Ventures

* My Ventures

* Tajikistan Venture Capital

* Activat VC

* United Ventures

* Silk Road Angels Club

* chAngels

Форумдун алкагында стартаптар башкы сахнадан өз идеяларын сунуштап, $10,000 чейин инвестиция утуп алууга, жана $1 миллион АКШ долларына чейин байге фонду бар дүйнөлүк Startup World Cup сынагына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул форум — жергиликтүү стартаптарга эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк. Инвесторлордун жалпы капиталы долбоорлорду масштабдоо жана дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Форумду уюштуруучу:

Central Asia Startup CUP форуму Accelerate Prosperity акселератору – Кыргызстандын №1 бизнес-акселератору, Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган Борбор Азиядагы инклюзивдүү жашыл өнүгүү программасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) колдоосу менен өткөрүлөт.

Өнөктөштөр:

Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы (KICB), Pegasus Tech Ventures, Startup World Cup, Европа Өнүктүрүү жана Кайра Куруу Банкы (EBRD), Finik, Growth Hungry, жана ЕБ каржылаган «Last-mile Connectivity to Promote Digital Green Education Opportunities (Connectivity)» долбоору.

Медиа өнөктөштөр:

Namba Media, Lalafo, The Tech, JIA Ишкерлер Ассоциациясы, TicketKG, Жаштар ишкердик экосистемасы, startup-course.com, Limon, Kaktus Media, Women in Tech.