Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия - Европа Бирлиги» саммитине катышуу үчүн Самаркандга барды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, «Борбор Азия - Европа Бирлиги» саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчынын учагы Самарканддын аэропортуна конду.
Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия жана Европа Бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, учактын алдына килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, бүгүн мамлекет башчысы Европа Бирлигинин Президенти Антониу Кошта жана Европа Комиссиясынын Президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болот.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа Бирлиги жана Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусунун маселелери талкууланат. Садыр Жапаров 4-апрелде «Борбор Азия - Европа Бирлиги» Саммитине катышат жана «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумунда сөз сүйлөйт. Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүүдө», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.