Жаңылыктар
Ат-Башыда “Көл-Суу керемети” кыш фестивалы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыда “Көл-Суу керемети” кыш фестивалы өтөт

7-февралда Ат-Башы районунун Көк-Кыя өрөөнүндө жайгашкан Көл-Суу көлүндө “Көл-Суу керемети” деп аталган кыш фестивалы өтөт. Аны Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы менен Ат-Башы райондук туристтик дестинациясы уюштурууда.

Фестивалдын жүрүшүндө экологиялык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Көл-Суунун экосистемасын коргоо үчүн зыярат кылуунун жаңы эрежелери бекитилет. Бул иш-чаралар көлдүн булганышын алдын алууга жана суу ресурстарын сактоого багытталган.

Программанын алкагында маданий иш-чаралар өтүп, концерт жана муз үстүндөгү бий өнөрү көрсөтүлөт. Ошондой эле таяк тартыш, аркан тартыш, бука тартыш, жаздык чабыш сыяктуу улуттук оюндар боюнча сынактар уюштурулат. Мындан тышкары бүркүт салуу, тайган салуу, жаа атуу, каскадерлор оюндары тартууланат.

Бирок Көл-Сууга баруучу жол татаал, абанын температурасы төмөн, көл кычкылтек азайган бийик тоолордо жайгашканын эске алуу зарылдыгы эскертилүүдө. Саякатка чыгуунун алдында дарыгер менен кеңешүү дагы сунушталат.