Талас облустук бийлиги 2024-жылы “Социалдык келишим” долбооруна катышып, 100 миң сом өлчөмүндө колдоо алган үй-бүлөлөрдүн ишкерлигине мониторинг жүргүздү.
Былтыр облус боюнча жалпы 1 045 үй-бүлө 100 000 сомдон колдоо алган. Долбоорго катышкан үй-бүлөлөр ар түрдүү багыттагы ишкерлик менен алектенип, жыйынтыгында бир айда эле 5 миңден 60 миң сомго чейин каражат табууга жетишкен.
Ошондой эле “Социалдык келишим” долбооруна катышып, бирок ар кандай турмуштук кырдаалдардан улам ишкерлигинин баштай албай, же багытын өзгөрткөндөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды.
Талас облусу боюнча 2022-2024-жылдар аралыгында 2 097 үй-бүлө “Социалдык келишим” долбооруна катышкан.