Жаңылыктар
Нарында залалдуу шишик илдетинин көрсөткүчтөрү жогору
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында залалдуу шишик илдетинин көрсөткүчтөрү жогору

Заладуу шишик ооруларынын бардык көрсөткүчтөрү Нарын облусунда жогору экени "Текшерилүүгө убакыт келди - рактан бир кадам алдыда болгула!" деген ураан алдында рак ооруларын алдын алуу максатында өткөн жыйында айтылды.

Анда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес оорулар бөлүмүнүн башчысы Аида Султангазиева аталган дарттын аныкталышы жана өлүм көрсөткүчү Нарын облусунда жогору экенин белгилеп, анын себебин жарандардын өз саламаттыгына кайдыгерлиги жана оору боюнча маалымдуулугунун төмөндүгү менен түшүндүрдү. 

“Залалдуу шишик оорусун ар бир адам өзүнөн баштап алдын алуу керек. Ден соолугуна кайдыгер карабашы зарыл. Жер-жерлерде бул оору, кесепеттери тууралуу  маалымдуулукту жогорулатпасак, дарт көбөйүүнүн үстүндө болуп жатат. Ошондой эле акыркы статистикалык маалыматтарга караганда, илдет 25-27 жаштагы кыздар арасында кездешип, оору жашарып жатат. Аялдар арасында сүт безинин, жатын моюнчасынын залалдуу шишиги биринчи орунда. Өлкө боюнча алганда Нарында өлүм көрсөткүчү 13,7 пайызды түзүп жатат. Кеч кайрылгандар боюнча дагы  жогору көрсөткүч Нарында. Эгер ар бир жаран жылына эки ирет медициналык кароодон өтүп, ден соолугуна кайдыгер болбосо ооруну эрте аныктап, эрте дарылоого мүмкүн”, - деди дарыгер

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Элеман Алиев облуста жүрөк кан-тамыр ооруларынан кийинки экинчи орунда залалдуу шишик оорулары турарын билдирди. Анын айтуусунда, облус боюнча 1896 адам  каттоодо турса, анын 380 учуру өткөн жылы табылган. Бул илдеттен 253 адам өткөн жылы көз жумган.

Иш-чара 4-февраль - Бүткүл дүйнөлүк рак оорусун алдын алуу күнүнө карата уюштурулуп, ооруну алдын алуу, баштапкы баскычта аныктоо, убагында дарыгерлерге көрүнүп туруу, жаш кыздарды эмдөөдөн өткөрүү, жыл сайын скрининг жасатып туруу зарылдыгы боюнча маалыматтар берилди.

7-февралга чейин өтө турган жумалыкта жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагынын алдын алуу жана алар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, калкка онкологиялык оорулардын коркунуч факторлору, эрте аныктоо ыкмалары боюнча маалымат берүү - жумалыктын маанилүү максаттарынан.

Жумалык алкагында саламаттыкты сактоо уюмдарында жатын моюнчасынын жана сүт бездеринин рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча ачык эшиктер күнү өтөт. Ошондой эле гинекологдордун жана маммологдордун кеңеши, жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын алдын алуу үчүн кароолор акысыз жүргүзүлүп, кеңештер берилет.