Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дагы 5 аталыштагы окуу китептери жарык көрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана Илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу китептери “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 285 630 нускада басылып чыкты.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:
– Русский язык, 7-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);
– Русский язык, 8-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:
– Кыргыз тили, 7-кл. (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);
– Кыргыз тили, 8-кл. (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);
– Русский язык, 7-кл. (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).
Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджетте билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 млн сом кошумча бөлүнгөн.