Жаңылыктар
Өлкөдө көмүр экспорттоо убактылуу токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө көмүр экспорттоо  убактылуу токтотулду

Кыргызстандан көмүрдү ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга чектөө киргизилди. Мындай токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Токтомдо белгиленгендей, чектөө ЕАЭБ HS 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган көмүргө тиешелүү. 

Документ расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.