Жаңылыктар
"Топтомо ипотека" ишке ашырыла баштады
Кыргызстан жаңылыктары
"Топтомо ипотека" ишке ашырыла баштады

“Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, “Мамлекеттик ипотекалык компания” менен “Элдик Банк” биргеликте “Топтомо ипотека” программасын ишке ашыра баштайт. Турак жайды каржылоо боюнча 3 багыт болуп, жарандар 5 миллионго дейре ала алат. Программанын дагы бир артыкчылыгы - күрөөнүн жоктугу. 


Буга дейре Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үлүштүк катыштын негизинде батир алууну каалап, бирок акчасы 50 пайызга жетпей калгандар арбын болчу. Бул учурда алар коммерциялык банктардан олчойгон үстөгү менен насыя алууга мажбур болуп келишкен. Дал ушул көрүнүштү жоюу максатында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров быйыл май айында тапшырма берип, анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания менен аталышы жаңыча өзгөргөн Элдик банк ишке киришкен. Тараптар меморандумга кол коюп, бардык мыйзамдык ченемдерди тууралап чыгышкан. Анын негизинде “Топтомо ипотека” продуктусу ишке кирип отурат.

Дал ушул ишке кирген жаңы механизм турак-жай реформасынын үчүнчү баскычы. Жаңы эреже миграцияда жүргөндөргө, жалпы эле үйгө муктаж жарандарга жеңилдик берүү, мамлекеттик камкордук кылуу үчүн сунуш кылынган механизм. Ипотекалык кредиттин суммасы “Социалдык ипотека” менен “Жеңилдетилген ипотеканыкы” 4 миллион сом болсо, “Арзан ипотека” багыты 5 миллионго дейре.
 

Белгиленгендей эң негизги жеңилдик - күрөөнүн жоктугу. "Топтомо ипотека” бул “Турак жайды үлүштүк куруу” механизмин пайдалануу менен “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайды сатып алуунун комплекстүү процесси. Бул механизм - катышуучуларга турак жайды жеңилдетилген шартта, минималдуу баштапкы төлөм төгүп жана мамлекеттин колдоосу менен сатып алууга мүмкүндүк берүү менен калктын кеңири катмары үчүн аны жеткиликтүү кылат дешет адистер.

 Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга чейин 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну көздөп жатат. Учурда батир алууга кезекте тургандын саны да 40 миңди түзөт.