Жаңылыктар
Тоңдо чагылган тийип өлгөн койлор талапка ылайык көмүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Тоңдо чагылган тийип өлгөн койлор талапка ылайык көмүлдү

Ысык-Көл облусунун Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган тийип өлгөн койлор көмүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, күн мурун чагылгандын кесепетинен 149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки, жалпысынан 227 баш мал чыгым болгондугу такталган. Алар ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү.

Бактыга жараша чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.