Жаңылыктар
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров иш сапары менен Венага барды
Кыргызстан жаңылыктары
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров иш сапары менен Венага барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапары менен Вена шаарына (Австрия Республикасы) барды.

Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат. 

Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу. 

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы форумда өлкөнүн презентациясы менен чыгып, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат. 

 Ошондой эле Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, атап айтканда Австрия Республикасынын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг жана Австрия Республикасынын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.