Жаңылыктар
Туристтик сезондо коопсуздук камсыздалат
Кыргызстан жаңылыктары
Туристтик сезондо коопсуздук камсыздалат

Ички иштер министрлиги туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр. Учурда өлкө аймагында 4 миңден ашуун видеокамералар күнү-түнү иштеп жатат. Милиция кызматкерлери 1 миң 220 төш камера менен камсыздалган. Бүгүн Ысык-Көл облусундагы аймактык тескөөчүлөргө дагы кошумча 136 даана боди-камералар берилип жатканы белгилүү болду. Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү автоунаалар, сууда жүрүүчү скутерлер, планшеттер, дрондор аркылуу коопсуздук чаралары толугу менен ишке ашат. Эс алуучулар көп келген Бостери айылындагы пляждык аймакка заманбап үлгүдөгү милициянын аймактык пункту ишке кирип, видеокамералар орнотулган. Ошондой эле Балыкчы шаарында дагы бардык шарты түзүлгөн пункт ишке берилди. 24 саат бою кабыл алуучу “102 борбору” жана жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү үчүн координациялоочу “Ыкчам штаб” түзүлдү. Өлкө боюнча коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун 5 миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте камсыз кылат.