Жаңылыктар
Кыргыз энергетиктери алты өлкөнү жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз энергетиктери алты өлкөнү жеңди

Кыргыз энергетиктери эл аралык мелдеште 1-орунга ээ болушту. Татарстандын Тетюши шаарында "2024-жылдын бөлүштүрүүчү тармактарынын эң мыкты бригадасы" наамы үчүн түрк тилдүү мамлекеттердин электр куроочулары күч сынашты. Ошондо баш-аягы 6 өлкөнүн - Кыргызстан, Түркия, Казахстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Татарстандын энергетиктери катышкан. 2 күн бою кесиптик чеберчилик боюнча өткөн мелдеште Кыргызстандын энергетиктери байгелүү 1-орунду камсыздашты. Кыргыз энергетиктери 6 мамлекеттин командаларын артта калтырып, электр куроочуларынын арасынан «2024-жылдын бөлүштүрүү тармагынын мыкты бригадасы» наамына ээ болушту. Түрк тилдүү мамлекеттердин энергетиктеринин ортосундагы эл аралык мелдеш былтыр дагы октябрь айында Азербайжан өлкөсүндө өткөн.