Жаңылыктар
Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата митинг-реквием өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата митинг-реквием өттү

Бүгүн Бишкек шаарында Өчпөс оттун жанындагы Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 79 жылдыгына арналган жыйын-реквием өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.


Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы урланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлери, Бишкек гарнизонунун жоокерлери, жаштар, мектеп окуучулары, өсүп келе жаткан муундар, коомчулуктун өкүлдөрү жана борбор калаанын коноктору.

Митинг-реквием Өчпөс отко гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу, бир мүнөт унчукпай туруу жана Кыргыз Республикасынын гимнин ырдоо менен башталып, анда Жогорку Кеңешинин төрагасы жана мамлекеттик катчы сөз сүйлөштү.

Иш-чара Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.


Анын алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле "Солдат боткосу" көргөзмөсү уюштурулду.

Андан кийин Бишкек шаардык мэриясынын маданият бөлүмү тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.