Жаңылыктар
"Урааным Манас" кароо-сынагы республика боюнча токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
"Урааным Манас" кароо-сынагы республика боюнча токтотулду

"Урааным Манас" кароо-сынагы республика боюнча токтотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева саламаттык Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Сузак районунда автокырсыктан жабыркаган балдардан Жалал-Абад областык балдар клиникасына 3-майда түндө барып кабар алды.

Министр ошол жакта калып балдардын абалы менен таанышып, ата-энелерине тезирээк сакайып кетишине тилектеш экенин билдирди. Балдардын ден соолугуна бардык аракетин жасап, кам көргөн медиктерге ыраазычылык билдирди.

Бул окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан "Урааным Манас" кароо-сынагы республика боюнча токтотулду.

Министрлик медициналык уюмдар жана баардык тараптар менен кызматташып, балдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө толук колдоо көрсөтөт.

"Мындан тышкары Жогорку окуу жайлардын психолог педагогдору тартылып, жеринде балдар жана ата-энелер үчүн күн-түнү тамак ашы, жатаканасы менен убактылуу кризистик борбор уюштурат", - деп айтылатмаалыматта.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.