Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Ташкенттеги Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары

КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан) болгон жумуш сапарынын алкагында Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын башкы архитектору коштогон делегация мүчөлөрүнө Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын суммасы 289 миллион доллардан ашат.

Белгилүү болгондой, 2025-жылы Азия оюндары жана жаштар арасындагы Азия Пара оюндары Ташкентте өтөт.

Кошумчалай кетсек, жумуш сапардын алкагында минкаб төрагасына “Янги Ташкент” долбоору тапшырылды.