Жаңылыктар
Чүй облусунун башчысы кытайлык инвесторлорду Кыргызстанда ишкана ачууга чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун башчысы кытайлык инвесторлорду Кыргызстанда ишкана ачууга чакырды

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Кытайдын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган баштаган делегация мүчөлөрү менен жолугуп, аларды Чүй аймагында ишканаларды ачууда кызматташууга чакырды. 

Канат Жумагазиев Шэньси провинциясы менен Чүй облусу 2009-жылдардан бери кызматташып келе жаткандыгын, натыйжада экономика, билим берүү, энергетика, маданият, айыл-чарбасы өңдүү көптөгөн тармактарда алдыга жылуулар болуп жаткандыгын белгиледи.Ошондой эле ал 2014-жылы түзүлгөн Чүй облусу менен Шэньси провинциясынын ортосундагы достук жана өз ара кызматташуу келишимин дагы да бекемдөө зарыл экендигин айтып өттү. Тараптар соңку жылдары эки өлкөнүн мамилеси жаңы деңгээлге чыккандын билдиришип, бул жыйынтыкка жетүүдө Кыргызстан менен Кытайдын башчыларынын салымы зор болгондугун айтышты. Канат Жумагазиев делегация мүчөлөрүнө Чүй облусу Шэньси провинциясы менен кызматташууда инвесторлордун келишине өзгөчө кызыктар экендигин айтып, Кытай ишкерлерин Кыргызстанда ишкана ачууга чакырды.