Жаңылыктар
Талас шаарында үч миң окуучу Манас айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаарында үч миң окуучу Манас айтты

Талас шаарынын борбордук аянтында "Урааным Манас аталышындагы Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында үч миң окуучу Манас айтты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Аталган сынак улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында жана алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине, Уркаш Мамбеталиевдин, Сапарбек Касманбетовдун 90 жылдык мааркесине карата 44 район, 32 шаарда өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы өлкө боюнча кароо-сынакка 100 миңдей окуучу катышкан болсо быйылкы жылы 500 миңден ашык окуучу катышууда.

Кароо-сынактын жыйынтыгы Кыргыз улуттук "Манас" театрында май айынын аягында жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Кароо-сынактын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.