Жаңылыктар
"Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык стипендияны алуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-майынан 30-майына чейин онлайн форматта кабыл алынат.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты –Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education топ - 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.

Катталуу үчүн шилтемеге кириңиз.