Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү Эмгек майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Жаз жарышын коштой келген Эмгек майрамы – жаңычылдык менен жаратмандыкка умтулуунун майрамы.

Адам баласын жаркын келечекке талыкпас эмгек гана жетелейт. 1-Май майрамы дагы узак мезгилден бери дал ушул ураандын астында белгиленип келет. Бүгүнкү биз көргөн ийгиликтердин баары мурунку эмгекчил муундун кажыбас кайраты менен талыкпас мээнетинин үзүрү экенин тана албайбыз.

Ошондуктан, бул майрам – тынымсыз мээнети менен эртеңки келечегин түптөө, үй-бүлөсүнүн бакубат турмушу жана мамлекетинин байгерчилиги үчүн кам көргөн ар бир кыргызстандыктын майрамы.

Азыркы ааламдашуу доорунда кайсы тармакта болбосун, күжүрмөн эмгектин натыйжасында гана алдыга койгон максаттарыбыз ишке ашат. Ар бирибиздин адал ишибиз, ак ниет эмгегибиздин аркасында ийгиликтер жаралат. Эмгекке болгон каалоо жана күтүлгөн натыйжага жетүүгө далалат кылуу – ийгиликтин негизги ачкычы экенин эсибизден чыгарбайлы.

Андыктан жашообуздун кайсы чөйрөсүн албайлы, жасап жаткан аракеттерибизди жигердүүлүк менен улантышыбыз абзел. Баарыңыздарды бар күчүңүздөр, билимиңиздер жана жөндөмүңүздөр менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырам.

Байыртадан эле ата-бабаларыбыз дагы “Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар” деп, эмгек менен ынтымак-ырыскы келерин бийик даңазалап келишкен. Бүгүнкү күндө коом турмушунун бардык тармагында бир топ көңүл жылытарлык жетишкендиктер байкалууда.

Албетте, мунун баары эмгекти сүйгөн элибиздин жигердүү катышуусу менен ишке ашууда. Балдарыбыздын бактылуу келечеги, урпактарыбыздын байгер турмушу үчүн мамлекетти ар тараптуу өнүктүрүүгө мындан ары дагы аракеттерибизди токтотпойбуз деп ишендирип кетем.

Урматтуу мекендештер, дагы бир жолу Эмгек майрамыңыздар кут болсун! Ар бириңиздер иштеген ишиңиздерден ыракат алып, эмгегиңиздерден баар таап, жашооңуздардын маңыздуу өтүшүнө тилектешмин.

Эл-журтубуздун ынтымагы менен биримдиги чыңдалып, жалпы аракетибиздин аркасында Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн!”.