Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштырууга жана жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышын жоюуга байланыштуу 6-майдан 8-майга чейин ЧЧК, Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.