Жаңылыктар
Социалдык фонд эми пенсиянын топтомо бөлүгүн алтынга инвестициялай алат
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык фонд эми пенсиянын топтомо бөлүгүн алтынга инвестициялай алат

Президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койду, ага ылайык, Кыргызстандын Социалдык фонду пенсиянын топтомо бөлүгүн алтынга инвестициялай алат.

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамы 2024-жылдын 3-апрелинде КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү болуп саналат.

Пенсиялык топтоо инвестициялардын булагы катары узак мөөнөттүү экендигин эске алуу менен аларды баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина) жана КР Улуттук банкынын баалуу кагаздары сыяктуу активдерге инвестициялоо мыйзам менен каралат.

Мыйзам ошондой эле Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн КР Социалдык фондунун резервдик фондун түзүү милдетин да карайт.