Жаңылыктар
Босфордун жээгиндеги архитектура кереметтери
Кыргызстан жаңылыктары
Босфордун жээгиндеги архитектура кереметтери

Босфор кысыгы - Стамбулдун эң маанилүү маданий мурастарынын катарында десек да болот. Аталган жер, Европа менен Азия континенттеринин бири-бирине кошулган шаары болуп, андагы структуралар ар түрдүү доорлорго таандык жана ар түрдүү архитектуралык стилдерге ээ. Европанын да, Анадолунун да жээгинде жайгашкан укмуштуу сарайлар Босфордун өзүнөн эң сонун көрүнөт. Кайык турлары, бул кооз үйлөрдү көрүүнүн идеалдуу жолу жана шаардын укмуштуудай көрүнүштөрү менен толукталган өзгөчө круиздик тажрыйбаны сунуштайт.



Кереметтүү Стамбул..

Босфор шаардын борбордук бөлүгү болуп эсептелинет. 17-кылымдан бери «Далы менен токойго жөлөнүп, бутун деңизге сунуп турган» укмуштуудай сарайлар, Осмон тарыхынын өзгөчө бир мезгилин чагылдырат. Осмон доорунан калган бул имараттар көбүнчө эки же үч кабаттуу, көп бөлмөлөр жана бөлүктөрү бар павильондор, резиденциялар (конак үйү) стилинде тургузулуп, үй ээсинин статусу алардын сарайынын жайгашкан жеринен байкалып турган. Көпчүлүгү таш же кирпич, жыгач техникасы менен курулган. Суу жээгинде жайгашканына байланыштуу, сарайлардын көпчүлүгү кайыкканаларды камтыйт.


Долмабахче сарайы, Чыраган сарайы, Адиле Султан сарайы, Бейлербейи сарайы жана Күчүксу павильону, Босфордун боюндагы эң көрүнүктүү курулуштардын сап башында турат. Маалыматка ылайык, суу жолунун эки тарабында 300дөн ашуун сарай бар деп болжолдонууда. Босфор кысыгындагы круиз Европа тарабындагы Ортокөй, Куручешме, Арнавуткөй, Бебек, Румелихисары, Эмирган, Итинье, Йеникөй, Тарабья жана Сарыердег укмуштуудай кооз сарайлары менен өзгөчөлөнөт. Ал эми Анадолу тарабынан Кузгюнук, Бейлербейи, Ченгелкөй, Ваникой, Кандилли, Анадолухисары, Канлыжа, Чубуклу, Пашабахче жана Бейкоздо сарайларды көрүүгө болот. Бул имараттардын айрымдары Республика доорунда тургузулса, көбү Осмон империясы учурунда курулган. Кээ бир сакталып калган структуралар консервациялоо аракеттеринин аркасында мурунку көркүнө келтирилип, мейманканаларга, музейлерге же укмуштуудай иш-чаралар өтүүчү жайларга айландырылган. Көптөгөн сарайлар дагы эле Стамбулдагы үй-бүлөлөр үчүн резиденция катары кызмат кылууда.



Стамбулдун тынч оазиси: Босфор

Албетте, Босфорду басып өтүүнүн эң сонун жолу - бул кайык болуп саналат, анткени жээк бойлой баратып асыл таштай тизилген сарайларды көрө аласыз. Стамбулдагы кайык турлары, адатта, кыймылдуу Кабаташ жана Эминөнү райондорундагы паром пристандарынан кетет. Көбүнчө кыска же узак турлар катары жеткиликтүү болгон бул кайык саякаттары зыяратчылар арасында абдан популярдуу болуп, Босфордун жана анын жээк сызыгынын кооздугун чектелген убакытта көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дагы бир вариант - ийкемдүү жана өзгөчө тажрыйба үчүн жеке кайыкты жалдоо. Жаз келгенде, кысыктын жээги кызгылт, сирень жана кызгылт көк түстөгү кызыл гүлдөр менен жандана баштайт. Бейкоздон Үскүдарга жана Кузгунукка жана Тарыхый жарым аралдан Бешикташ, Куручешме, Йеникөй жана Румели Хисарына чейин созулган бул түстөгү асан-үсөн Стамбулдун сарайларынын укмуштуудай кооздугун арттырат. Бактыга жараша, жазгы Босфор туруңузга дельфиндердин сууда ойноп жатканын көрүү да камтылышы мүмкүн.


Шаардын аттракцион борбору

Стамбулдун жашоочулары, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык туристтер үчүн Босфордун жээгинде шаардын эң кооз жерлери жайгашкан. Мегаполистин жандуулугун көрсөткөн, жагымдуу атмосферадагы эң сонун балык ресторандары, мыкты эл аралык жана түрк ашканасын тейлеген Мишелин рейтингин камтыган кооз кафелер, ал тургай өзгөчө түнкү клубдарды да көрө аласыз! Босфор променадында сейилдөө күтүлбөгөн нерселерди тартуулайт, тагыраагы, даамдуу көчө тамагынан тартып, салттуу музыканттын экспромттук концертине чейин күбө болосуз!