Жаңылыктар
Кыргызстандыктар бул жума беш күн эс алат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар бул жума беш күн эс алат

Кыргызстандыктар бул жума эки эле күн иштешет. 29-30-апрель гана иш күн деп эсептелген. Ал эми 1-5-май катары менен эс алуу күндөрү деп министрлер кабинети бекиткен календарда көрсөтүлгөн. Бирок дем алганы үчүн эл башка күндөрү иштешет. 2-майдын ордуна 6-майда, 5-май - Конституция күнү жекшембиге туура келгендиктен, 6-май да эс алуу болмок, 3-майдын ордуна 11инде жумушка чыгышат. Келе жаткан аптада майрамдык эс алуу 9-Май - Улуу Жеңиш күнүндө болот.