Жаңылыктар
Коюлган тапшырмалар, аткарылган иштер
Кыргызстан жаңылыктары
Коюлган тапшырмалар, аткарылган иштер

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы кен иштетүүгө уруксат бере турган комиссия жоюла турган болууда. Анткени тармакта ачык-айкындык орнобой жатканы айтылат. Аталган комиссиясынын ишине айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганы үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге президент сөгүш жарыялады.  Министрлер кабинетинин 25-апрелдеги жыйынында жер казынасын пайдаланууга уруксат берүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу үчүн маалыматтык система түзүүгө бир жылдан ашуун убакыт берилсе дагы ал дагы да ишке ашпай жатканы айтылды. Лицензиялоо жол-жобосунда маселе убагында жана акыйкат чечилбей калган олуттуу кемчиликтер бар экени белгиленди.