Жаңылыктар
Милициянын үй-бүлөсүндө үч эм төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору МырзабекТороевдин үй-бүлөсүндө үч эм уулдар жарыкка келди. Наристелер 19-апрелде төрөлүштү. Аларга — Амантай, Эртай жана Эсентай деген ысым ыйгарышкан. Милиционердин кесиптештери аны үй-бүлөнү жаңы толуктоо менен куттукташты.