Жаңылыктар
"БИЗДИН ЖЫЛДЫЗ" / Лилия Абдыбаитова: Ата-энемдин тили мага бүткөндөй...
Кыргызстан жаңылыктары
"БИЗДИН ЖЫЛДЫЗ" / Лилия Абдыбаитова: Ата-энемдин тили мага бүткөндөй...

Жагымдуу үнү, мээримдүү алып баруулары менен кубанткан Лилия Абдыбаитова учурда Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Бенефис” долбоорун  дагы бир белгилүү алып баруучу Чыңгыз Мырзаев менен бирдикте көркүнө чыгарып турган убагы. Эфирдин эки жылдызынын чыгармачылык байланышы ондогон жылдарды кучагына алат. Бүгүн сиздерге Лилия Абдыбаитованы тааныштыралы.

КАБАРЧЫ: Лилия,  укканыма караганда адамга коюлган ысым көпчүлүк учурда тагдырын чагылдырат деген кеп бар. Ушундай көркөм, назик ысымды ким койду экен?

ЛИЛИЯ: Ооба, туура айтасыз эже, ысымды атам берген. Бири билсе, бири билбесе керек, атам менен апам экөө тең кичине кезинде дартка чалдыгышып, сүйлөбөй жана укпай калышкан.  Атам да  айтканга ыңгайлуу ысым издеген окшойт, “Ли ли я” дешет. Апам орус улутунда, атам кыргыз. Экөө тең майыптар интернатында таанышып, баш кошуп калышкан экен. Өзүмө ысымым жагат.

КАБАРЧЫ: Тоо койнундагы Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орус тили багытындагы мектепти бүтүргөн экенсиң, бирок, адабий тилде катыра сүйлөп, радиодо алып барууларыңдан нукура кыргыз кызын көрүп келебиз.

ЛИЛИЯ: Ата-энем оорукчан болгондуктан, мени чоң атам менен чоң энем багып-өстүрүштү. Баары эле айтып калышат, чоң эненин колунда өскөн бала башкача болот деп. Кенедейимден чоң энемдин жомок дүйнөсүндө чоңойдум. Сөзгө чебер, макалдата сүйлөгөн, кыргыздын каада-салтын терең билген адам эле. Атамдын карындашы мени 5 жашымдан тамга таанытып, шар окуганга үйрөттү.

Жогорку окуу жайында окуп жүргөндө радиодо диджейликке сынак жарыяланып калды,орус тилдүү болсом да катышып, диджейлик тагдырыма жол ачылгансып, сынактан өтүп кеттим. Бала кезден чоң энемдин берген тарбиясы, ачык, шар мүнөзүм калыстарга жакты окшойт. Кыргызча сүйлөп, кыргызча ойлонууга туура келди.

Ооба, кезегинде “Кыргызстан обондору” дегенде Лилиянын элеси келген, үнүнө  куштар болгондор көп  болгон. Радиодон  үндү калыптандырып, алып баруучулуктун сырын терең үйрөнүп калган соң, Лилиянын  эңсегени теледен көрүнүктүү долбоор алып чыгуу болду. 2011-жылы  ажарлуу алып баруучу маалымат каражаттарына  берген маегинде “УТРКда  көңүл ачуучу  музыкалык долбоор  ачууну кыялданам”  деген эле. Бул максаты 2023-жылы ишке ашып олтурат.

ЛИЛИЯ: Азыр өзгөчө ылдамдык керек, кечээги окуя бүгүн маанисин жоготушу мүмкүн. Аудиторияга кызыктуу болом десең сен ошолордун ылдамдыгында болушуң шарт. Сен аудиторияга кызыктуу ыкмаларды колдонуп,  алып баруучулукта деле сүйлөө,  суроо берүү, интервью алуу манерасы, адам баласын таарынтып албай, чектен чыгып кетпей, ошол эле учурда ошол адамды айттыра алган жөндөмгө ээ болуш оңой эмес го?! Мен мына ушул жөндөмдү өзүмө көп жылдар бою топтодум.

Ооба, 2011-жылы телевидениеге башка бир долбоорго чакырышкан, бирок, тилекке каршы ишке ашпай калган. Ал эми, 2023-жылы Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчиси Болот Тиллебаевдин  чакыруусу менен  Чыңгыз Мырзаев экөөбүздүн алып баруубузда “Бенефис” долбоору эфирге чыга баштады.

КАБАРЧЫ: Учурда “Бенефис” долбоору УТРКдагы эң көрүмдүү көрсөтүүлөрдүн бири. Каармандарынын чыгармачылыгы да түрдүү боекко бай, бирин-бири кайталабайт. Долбоордун көркүн чыгарган чыгармачыл топ грим бөлмөсүнөн башталып, студиянын  чеберчилик менен шөкөттөлүшү, режиссерлук көз караш, редактордун  уюштуруу жөндөмдүүлүгү, жетекчиликтин камкор мамилеси – долбоордун  көрүмдүүлүгүнүн уюткусун түзүп турат. “Бенефиске”  каармандар кандай тандалат?

ЛИЛИЯ:  УТРКнын “Музыка” каналынын продюсери Каниет Жыргалбеков, шеф-редактору Гүлсина Чотонова, режиссеру Бекбол Кылычбеков. Кеңешип каармандарды тандайбыз. Эң чоң басым – режиссердун тандоосу. Чынында, кээ бир каармандар табитиңе төп келбеген учурлар болот, менин оюмча ал нерсе сага таасир этпеш керек. Жумушка келгенде эң биринчи кезекте сенин дымагың, эмоцияң эмес, аудиторияны ойлошуң керек. Сен берүүнү ошол каарман үчүн эмес, көрүп жаткан көрөрман, угуп жаткан угарман – ошолор биринчи орунда тургандыгын унутпашың керек. Демек, анын да күйөрмандары бар, өз тармагында ийгиликке жетишкен адам сага жакпаса дагы өзүнүн күйөрмандарына эмгеги бар. Биздин максат – каарманды ачып, дагы бир ирет ал жөнүндөгү маалыматты берүү, кызыккандарды кызыктыруу.

КАБАРЧЫ: Маегибиздин башында эфирден эки-үч айга көрүнбөй калдың, ошол учурда “Бенефистин” күйөрмандарынын сени күйүп-бышып издегендигинин себеби эмнеде деген суроо менен баштадым эле... Анткени, “Бенефис” көрүүчүлөрдүн сүйүктүү долбоору болду, ар бир чыгарылыш көрүүчүлөрдүн 93-100 пайызына жаккандыгын  социалдык баракчалардан байкасаныз болот.

ЛИЛИЯ: Ооба, менин эки-үч ай эфирден көрүнбөй калышымдын себеби бар. Мен үчүн оор жоготуу болду, атамды жоготтум. Көрүүчүлөрүмө терең ыраазычылык билдирем, кайгымды тең бөлүшүп жатышты. Апам болсо азыр депрессия абалынан чыга элек. Мүмкүн болушунча кайрат берүүгө аракеттенип жатам. Улуу балам апама көмөктөшүп жанында. Атам менен апамдын экөөнүн сүйүүсү индиялык тасмалардагыдай эле. Алар 14 жашынан бери тааныш болушуп, 23 жаш курактарында үйлөнүшкөн. Суктанчумун, көрсө сүйүү сезими сөз менен, сүйкүм сезимди кулак аркылуу угуу  эмес, жүрөк аркылуу сезүү тура. Атам 70 жашка чыккан эле. Биз капалансак, же сүйүнсөк эмоциябызды бирөөгө сөз аркылуу айтып, бугубузду чыгарып алабыз. Булардын чөйрөсү чектелүү. Алдоо дегенди билишпейт, баладай баео, ишенчээк. Менин да ата-энемден алган касиет ушул болду. Жараткан Кудайым экөөнүн тилин бириктирип мага бергендей... Аудитория үчүн да жаңылык болот болуш керек, тили сүйлөбөгөн жана кулагы укпаган адамдар музыканы аябай сезишет. Таң каласың, табигаттын өзгөчө сыры болуш керек деп ойлой берем. Кыргыздын элдик обондорунда бир татына бийлеп жатышса элдер таң калышчу. Ооба, эже, бактылуумун. Эки уулум бар. Баардык нерсе салыштырмалуу да, алты саның аман, ден соолукта болсоң – биринчи бакыт! Жашоодо ордуңду таап, жакшы нерсе менен алектенсең ошол бакыт! “Бенефис” мен үчүн ак жолтой долбоор болду. Чын-чынына келгенде мен мурда Ассоль Молдокматова менен биринчи жолу Улуттук каналда түнкү каналды алып чыкканбыз. Азыркы жетекчиликтин мени “Бенефиске” чакырганы, менин жөндөмдүүлүгүмдү байкап, кыялымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөнүнө ыраазычылык билдирем.Эң башкысы – элдин колдоосу башкача касиетке ээ экен. Бата алайын деген улуу сөз экен!


Жыйынтык иретинде: Менин каарманым, жүзүнөн күлкү төгүлгөн, уккан кулактын кумарын кандыра орундуу сүйлөгөн, бал тилдүү, ой өрүшү кенен, терең интеллектуал, УТРКнын “Бенефис” телекөрсөтүүсүнүн деңгээлин бийиктикке көтөргөн алып баруучу Лилия Абдыбаитова болду. Долбоор 2023-жылдын сентябрь айынан баштап эфирге чыгып, бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн зор аудиториясын топтой алды. Ал эми, өзүнүн чыгармачылык дүйнөсү бай Чыңгыз Мырзаев тууралуу айтылчу сөз али алдыда.

Маектешкен: Гүлмира Кулумбаева