Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Интеллектуалдык менчик инвестиция тартуунун кыймылдаткыч күчүнө айланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Интеллектуалдык менчик инвестиция тартуунун кыймылдаткыч күчүнө айланууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Өлкө аймактарын өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” Улуттук форумда сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы «Бүгүнкү күндө инновациялык экономикада, интеллектуалдык менчик социалдык-экономикалык өсүштүн жана инвестиция тартуунун кыймылдаткыч күчүнө айланып жатканын» белгиледи.

Бул контекстте, Акылбек Жапаровдун айтымында, «Интеллектуалдык менчиктин экосистемасын өнүктүрүү, анын ичинде рыноктук инфраструктураны, экономиканын реалдуу секторунда инновациялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу механизмдерин калыптандыруу маанилүү».

Ал ошондой эле инновациялык инфраструктуранын элементтеринин маанилүүлүгүн белгиледи, алсак, «40 район – 40 демилге» долбоору, ал аймактардагы маанилүү инновациялык долбоорлорго жана стартаптарга стимул гана бербестен, алга жылдырат.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы Америка Кошмо Штаттарына болгон жумушчу сапарын белгилеп, өзгөчө Силикон өрөөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын үйүнүн ачылыш аземине жана билим берүү тармагында Google куралдарын толугу менен ишке ашырган борбордогу мектептердин биринин базасында пилоттук долбоор катары Google мектебинин ачылыш аземине катышканын белгиледи.

«Министрлер Кабинети IT-индустриясын өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоого даяр, биздин максат – биздин республиканы IT тармагын өнүктүрүү үчүн эң жакшы жерге айландыруу», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы “өлкөнүн инновациялык өнүгүүсү – адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүн камтыган татаал процесс” деп баса белгиледи.

«Интеллектуалдык менчик жана инновация улуттук экономиканын өсүшүнүн кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат. Жасалма интеллект, кванттык эсептөө, робототехника жана башкалар сыяктуу жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу өлкөбүздүн келечек муундары үчүн жаңы чакырыктарга айланууда. Форумдун катышуучуларына көбүрөөк креативдүү ой жүгүртүү, ошондой эле кызыктуу жана жемиштүү талкуулар болушун каалайм», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.