Жаңылыктар
Каракол шаарында май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарында май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды

Каракол шаарынын Кыдыр-аке көчөсүндө жайгашкан RED-петролеум май куюучу бекетине айып пул салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл региондук архитектуруалык курулушту контролдоо башкармалыгы тарабынан аталган май куючу жайдын кошумча курулушу жана газ куйуучу станциясына пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында кошумча курулуштун мыйзамсыз экени аныкталып, май куючу жайга ээлик кылган "Альфа-Ойл" ЖЧКсына 200 миң сом административдик айып салынды. Ошондой эле ишти токтотуу боюнча жазма буйрук берилип, Каракол шаардык сотуна буздуруу боюнча доо арыз берилүүдө.