Жаңылыктар
Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында Сан-Франциско шаарында (АКШ) Силикон өрөөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын үйүнүн ачылыш аземине (HTP House in Silicon Valley) катышты.

Иш-чарага эл аралык технологиялык корпорацияларда иштеген кыргызстандык IT-адистери катышты.

Иш-чарада чыгып сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы бул окуянын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Силер, IT-компанияларда иштеген жаштар, өлкөбүздүн сыймыгысыңар. Силердин инновацияларыңар, талантыңар жана берилгендигиңер бизди дүйнөлүк аренада күчтүүрөөк жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Көбүңөр дүйнө жүзү боюнча чоң компанияларда иштешет жана биз силер менен сыймыктанабыз. Кыргызстанда өнүктүрүү борборлорун ачууга сиздердин компанияларды тарта алсак абдан жакшы болмок. Биз сиздерге, сиздердин мүмкүнчүлүктөрүңүзгө ишенебиз жана ийгиликке жетүү жолуңуздун ар бир этабында сиздерди колдоого даярбыз”, - деди ал.

Акылбек Жапаров мамлекет IT-индустриясын өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоого даяр экенин белгилеп, министрлер кабинетинин максаты - өлкөбүздү IT тармагын өнүктүрүү үчүн эң мыкты жерге айландыруу экенин кошумчалады.