Жаңылыктар
ИИМ: Баткенде унаадан 51 килограммдан ашуун баңгизат табылды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Баткенде унаадан 51 килограммдан ашуун баңгизат табылды

Баткенде унаадан 51 кг ашуун баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга афган тектүү баңги каражаттарынын өзгөчө ири партияларын жеткирүү жана сатуу каналын аныктоо жана токтотуу боюнча атайын операция ийгиликтүү өткөрүлдү.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 20-март күнү болжол менен саат 19:00 чамасында ИИМдин Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен шаарынын аймагында 1972-жылы туулган А.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Renault Scenic үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Токтотулган унааны тинтүү учурунда унаадан 51 кг 270 гр баңгизаты табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусунун негизинде кармалган баңгизаттар афган "гашиши" экендиги аныкталган. Бул иш боюнча 1972-жылы туулган, Ош облусунун тургуну А.К. аттуу жаран кармалган.

Трансулуттук уюшкан баңги уюмунун катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.