Жаңылыктар
Президенттин боордош өлкөгө болгон расмий сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин боордош өлкөгө болгон расмий сапары

Президент Садыр Жапаров бул аптада 2 күндүк расмий сапары менен канатташ Казакстанга барып келди. Эки өлкө ортосундагы дипломатиянын нугу өзгөргөнү, багыты өзгөргөнү, ортодогу бир тоскоолдуктар алынып салынгандай сезилди. Кадимки, боордош казак менен кыргыздын достугунун духу сезилип турду. Адатта, өкмөт башчылар, кээде өкмөт башчынын орун басарлары, айрым учурда калаанын акими тосуп алган учурларды да көргөнбүз, бирок бул ирет Астананын эл аралык аэропортунан Президент Садыр Жапаровду коллегасы Казак лидери Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп келди.