Жаңылыктар
Бишкек: таштанды полигону суктануучу жайга айланат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: таштанды полигону суктануучу жайга айланат

Борбор калаанын тазалыгына ар убак кам көрүп келген «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин түйшүгү түмөн. Кыймыл көп болгон борбордук көчөлөрдүн таштандыларын жыйнап кетүү түнкүсүн жүрөт. Кийинки топ таң атпай кайра 5-6 да жумушка чыгышы керек. Кыскасы күнү-түнү тыным жок. Анан да турмуш тиричилик калдыктарын таштанды челектеринен гана эмес, көчөнүн бүт булуң-бурчунан чогултуп чыгышат.