Жаңылыктар
ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. 

Муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо керек. Анын жука жерлери көрүнбөй, жарылып, сууга кирип кетиши мүмкүн. Суу муздак болгондуктан түшүп кеткен жарандар кыска убакыт аралыгында сүзгөндү билбесе тоңуп калышат. Министрлик ата-энелерге балдарды жакшы кароого, көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбоого жана аны текшерүү үчүн бут менен тепкилебөөгө чакырат. Кар астындагы музда көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн. Калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт. Ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт.