Жаңылыктар
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатына күмүш медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 3-февралдан 10-февралга чейин болуп өттү.

Спортчу 102 кг чейинки салмакта катышты. Түртүп көтөрүүдө 173 кг, жулкуп көтөрүүдө 213 кг багындырды. Жалпы 386 кг салмакты көтөрдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Эмил Молдодосов (89 кг) , Нурсултан Тармалов (96 кг) жана Татьяна Мельниченко (76 кг) коло медаль уткан.