Жаңылыктар
Улуттук телекөрсөтүүгө 65 жыл
УТРК жаңылыктары
Улуттук телекөрсөтүүгө 65 жыл

8-декабрь күнү  Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдыгы белгиленет. Бүгүн бул датага арналган иш чаралар расмий башталды. Алгачкы илимий конференциябыз И.Арабаев атындагы КМУда башталып, куттуктоолор, сыйлоолор жана телевидение багытындагы кызыктуу докладдар менен коштолууда. 


Башкы директорубуз Б.Тиллебаев телевидениеге кандай кадрлар керек экенин тизмектеп, окуу жайлар ортосундагы кызматташтык боюнча сөз сүйлөдү. 

УТРК боюнча негизги докладчыларыбыз Алмаз Касымалиев, Чынар Капарова, Жамалдин Саитбурканов, Жамиля Маматова, Айбек Мусаев, Шайырбек Арапов, Атахан Кожогулов. 

Тажрыйбалуу кызматкерлер Улуттук телерадионун ишмердүүлүгү, жаңылануулары, аракеттери жөнүндө айтып беришүүдө.Эске салсак, 1958-жылы Фрунзе телестудиясын түптөө токтому чыккан. Андан бери Кыргыз телекөрсөтүүсү өнүгүү жолунда келе жатат.