Жаңылыктар
4-декабрь - Кыргызстанда "Манас эпосунун күнү"
Кыргызстан жаңылыктары
 4-декабрь - Кыргызстанда "Манас эпосунун күнү"

Бул күн 2015-жылдан бери майрамдалып келет. Башкы максаты - "Манас" эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада "Манас таанууну" өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо.

Кыргыз элинин турмушунун кѳркѳм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосунда, кыргыз элинин эң байыркы доордон берки басып ѳткѳн тарыхый жолунун урунттуу учурлары боюнча маалыматтар берилет. Кыргыз эли ѳткѳн миң жылдыктагы адамзаттын дүйнѳлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту деп сыймыктануу менен баса белгиленет. «Манас» эпосу дүйнѳдѳ теңдешсиз зор кѳлѳмдүү кѳркѳм чыгарма. Манасчы Саякбай Каралаевден жазылып алынган эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек» үч бѳлүмдүн жалпы кѳлѳмү 500 миң 588 сап ырды түзѳт. 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь - “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган. 2021-жылдын октябрь айында мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлгөн.