Жаңылыктар
Садыр Жапаров «Metarise Japan» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров «Metarise Japan» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Компания кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт болгон электр энергиясын иштеп чыгаруучу гравитациялык генератор чыгарат. Алар Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырууда. Компания Японияда көрсөтүлгөн жабдууларды чыгарууга эксклюзивдүү патент алган. 

Эми Кыргызстандагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга даяр. Мамлекет башчы компаниянын ишмердүүлугү менен таанышып чыгып, Кыргызстан япон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин билдирди. Ал ошондой эле мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. Энергетика тармагы Кыргызстанда экономиканын өзөгү, андыктан бул багытка инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.