Жаңылыктар
УТРК жана ЕККУ кызматташтыгы
УТРК жаңылыктары
УТРК жана ЕККУ кызматташтыгы

Бүгүн, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов менен жолугушту.

Анда тараптар эки тараптуу жигердүү кызматташуунун динамикалуу жаңы багыттарын түзүп чыгуу жана мындан ары биргеликте тыгыз иштешүү боюнча маселелер талкууланды.

Корпорацияга биринчи жолу келип жаткан элчи мырзаны Болотбек Кочкорович жылуу маанайда тосуп алып, УТРК ЕККУнун ишмердүүлүгүн чагылдырууда зарыл болгон медиа колдоону көрсөтүүгө жана жемиштүү кызматташууну улантууга ар дайым даяр экендигин билдирди.

Ал эми Алексей Рогов башкы директорду кызмат орду менен куттуктап, корпорациянын ишине ийгилик каалап, бүгүнкү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ЕККУ УТРК менен кызматташууга дайым даяр экенин айтты.