Жаңылыктар
УТРК Улуттук статистика комитетинин негизги өнөктөшү
УТРК жаңылыктары
УТРК Улуттук статистика комитетинин негизги өнөктөшү

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен жолугушту.

Эки тарап алакаларды чыңдоо багытында сүйлөшүп, мындан аркы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Болотбек Тиллебаев статистикалык маалыматтарды УТРК аркылуу берип туруунун зарылчылыгына токтолуп, Улуттук статистика комитетинин маалыматтары “Ала-Тоо 24” телеканалы жана “Биринчи радио” аркылуу эки тилде туруктуу чагылдырылып келе жатканын белгиледи. Ошондой эле Б.Тиллебаев телекөрсөтүүлөргө болгон элдин муктаждыгын аныктоо, кайсы телеканал көрүмдүү, же радиостанция угумдуу, эл кандай программаларды көрөт, же көргүсү келет деген өңдүү телерадиого тиешелүү маалыматтарды алууга кызыкдарлыгын айтты.

Бактыбек Кудайбергенов комитеттин ар бир облус жана райондордо да бөлүмдөрү бар экенин белгилеп, демек, телерадиого байланыштуу суроолор алкагында да статистиканы аныктоого мүмкүн экенин билдирди.

Статистика комитети телерадио боюнча тиешелүү маалыматтарды берген учурдан тарта, УТРК статистиканы эске алуу менен контентин жакшыртуунун алкагында да жаңы аракеттерин баштайт.

Жылуу пикир алышуудан соң УТРКнын башкы директору Б.Тиллебаев жана Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б.Кудайбергенов кызматташтык келишимине кол коюшту.