Жаңылыктар
УТРК кыргыз тилиндеги контентке өзгөчө көңүл бөлөт
УТРК жаңылыктары
УТРК кыргыз тилиндеги контентке өзгөчө көңүл бөлөт

Жакынкы күндөрү Улуттук Биринчи канал жана “Баластан” телеканалы Мамлекеттик тил комиссиясы менен биргеликте иштеп чыккан кыргыз тилиндеги жаңы мультсериалдарды сунуштай баштайт. Бул Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Мамлекеттик тил комиссиясынын тыгыз кызматташтыгында ишке ашкан долбоорлор.

Бүгүн УТРКнын башкы директору Б.Тиллебаев Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы К.Осмоналиев менен жолугуп, кыргыз тилин өнүктүрүү, жайылтуу жана таанытуу багытында пикир алышты.

Б.Тиллебаев УТРК мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана таратуу боюнча белгиленген милдеттерди так жана өз учурунда аткарып жаткандыгын белгиледи.

“Көрсөтүүлөрдүн 70 пайыздан кем эмесин кыргыз тилинде өндүрүү талабынын алкагында кинофильмдер, телесериалдар, мультфильмдер кыргызча которулуп берилүүдө. Балдарга тилди таанытууда “Баластан” каналынын салымы өзгөчө. Анткени бул телеканал балдардын контентин чыгарган жалгыз ири өндүрүүчү. Аны менен бирге таңкы “Замана” программасы да күн сайын кыргыз тилинде гана сунуштала баштады. Бул көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды” деди Тиллебаев.

К.Осмоналиев УТРКнын кыргыз тилин жайылтуудагы ордун белгилеп, аракеттер дайым колдоого алынаарын, кызматташтык мындан да жакшыраарын айтты.

“Биз аннимациялык программалардын көп тартылышына жана алардын кыргыз тилине которулуп берилишине кызыкдарбыз. Анткени өсүп келе жаткан муун тилди кызыктуу анимациялык фильмдер аркылуу тааныйт. Андыктан УТРК менен тилди өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөш катары кызматташа беребиз” деди Осмоналиев.