Жаңылыктар
УТРК- “JICA” кызматташтыгы
УТРК жаңылыктары
УТРК- “JICA” кызматташтыгы

УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев Жапониянын “JICA” фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки мырза менен жолукту.

Б.Тиллебаев УТРК менен көп жылдык тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн фонддун өкүлү Кавамото Хироюкиге ыраазычылык билдирип, Кыргыз телекөрсөтүүсү техникалык камсыздоого муктаж болуп турган мезгилинде фонд тарабынан көрсөтүлгөн колдоолорду эске салды.

Мындан 17 жыл мурун “JICA” колдоосу менен УТРК ошол кездин талабына жооп берген техникаларга ээ болгон. Алар бүгүн да колдонулуп, иштеп жатат. Ошентсе да алардын эскилиги жетип, заманбап санариптик техникаларга зарылдыктар жаралды.

“JICA” фондунун туруктуу өкүлү башкы директор менен бирге УТРКнын студияларын кыдырып, телекызматкерлердин аракеттери менен таанышты. Тараптар УТРКны техникалык модернизациялоо боюнча пикир алышып, кызматташуу ниеттерин билдиришти.

Таанышуу сапары менен келген Хироюки мырза Болот Тиллебаевди жооптуу кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.