Жаңылыктар
УТРК ардагерлерин урмат менен узатты
УТРК жаңылыктары
УТРК ардагерлерин урмат менен узатты

Кылымга тете тарыхы бар УТРК – кыргыз элине таанылган, экрандын эрке жүзүнө айланган, кадр сыртында опол-тоодой эмгектерди аткарган кыйла доордун кадрларын даярдаган чоң мектеп. Улам келген жаш кадрлар убакыттын өтүшү менен устаттарга айланып, алды азыр да иштеп жатса, айрымдары ардактуу эс алууга кетип жатат.

Бүгүн УТРКда телерадиону калыптандырууга, анын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу муундун өкүлдөрүн сый-урмат менен узатуу иш чарасы болду.

Башкы директор Б.Тиллебаев телерадиодо жүрүп жаткан реформаларды туура кабыл алып, жаңы адистердин келишине жол ачып берип жаткан ардагерлерге ыраазычылык билдирип, алар менен мындан ары да тыгыз байланышта болоорун айтты.

“Сиздер жаш кадрларга өз ыктыярыңыздар менен орун бошотуп, телерадио жаңылансын деп батаңыздарды берип, жакшы ниетиңиздерди билдирип жатасыздар. Бул бизге чоң дем берет. Сиздер менен мындан ары да байланышта болобуз. Топтогон көп жылдык тажрыйбаңыздарды жаштарга берип, аларды окутуп, үйрөтүүгө салым кошосуздар деп ишенем” деди Б.Тиллебаев.

Улуттук каналдын гана эмес, жалпы улуттун жүзүнө айланган, “Улутман” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Т.Казаков “Ар бир мекемеде, министрликте муун алмашуу процесси жүрүп турат. Аны ызы-чуусуз эле нормалдуу ишке ашыруу маданиятынын калыптанып жатышы кубандырат. Бир кездерде пенсия жашына келген ардагерлерди айтпай-дебей иштен кетирип жиберген учурлар болгон. Бүгүнкү сый-урмат менен узатуу эми жакшы жөрөлгө катары сакталып калышы керек. Профессионалдуу иштин калыптанып жатканы жакшы көрүнүш” деди.

Саясий баяндамачы, журналист Б.Саматов улуу муундун өз ыктыяры менен жаштарга орун бошотуп берип жатышын сейрек көрүнүш катары сыпаттады. Анын пикиринде бүгүнкүдөй сый иш чаралар жаңы муунга да жакшы сабак болуп калышы керек.

“Ардагерлердин ынтымакта макул болушун биринчи жолу көрүп жатам. Буга чейин “кетпейм” деген саясат бар эле. Менимче бул жаңы жетекчиликтин иш билги аракети жана мезгилдин деми. Өлкөдө жүрүп жаткан реформа УТРКда да ишке аша баштады. Жетекчиликке ийгиликтерди каалайм” деди Б.Саматов.

Ардагерлердин пикирлерин, каалоо-тилектерин уккан Б.Тиллебаев УТРКда Окуу борбору өз ишин жандантып, анын ишине ардагерлерди активдүү катышып берүүгө, жаш кадрларды даярдоого салым кошууга чакырды. Анан калса, ардактуу эс алууга чыкса да Т.Казаковдун алып баруусундагы “Улутман” өңдүү улуттук жана башка теледолбоорлор уланышы керек деди.

Башкы директор ардактуу ардагерлерге ыраазычылык барактарын жана сыйлыктарын тапшырып, аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады.